13:30, 12-март, 2026

Бишкекте зордуктоого шектелген оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды

На русском
08:40, 12-март, 2026 1202

АКИpress - Бишкекте зордуктоого шектелген оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды, деп билдирди Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 10-мартта саат 20:35 чамасында милицияга белгисиз айдоочу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранды зордуктап, Васильев тракты менен айланма жолдун кесилишинде таштап кеткени тууралуу кабар түшкөн.

Билдирүү боюнча кайгуул кызматкерлери окуя болгон жерге барып, маалымат тастыкталган. Ошол учурда жүк ташуучу унаанын айдоочусу окуя болгон жерден качууга аракет кылган. Ал токтоо талабына баш ийбей, жолун уланткан.

Куугун учурунда Алматы көчөсүндө айдоочу жол эрежесин бузуп, бир нече жолу жол чырактын кызыл жарыгында өтүп, карама-каршы тилкеге чыккан. Куугун Муса Жалил менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде аяктап, айдоочу кармалган.

Кармалган жаран 2006-жылы туулган Т.Д.М. экени аныкталган. Ал мас абалында болгон. Кармалгандан кийин ал Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, зордуктоо фактысы боюнча иликтөө иштери үчүн тергөө кызматына өткөрүлдү. Оор жүк ташуучу унаа айып короого киргизилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»