АКИpress - УКМК «Кыргыз почтасы» ААКсынын Лейлек райондук филиалынын мурдагы жетекчисин жана башкы бухгалтерин кармады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
УКМКнын маалыматы боюнча, филиалдын мурдагы жетекчи П.Б.М.жана башкы бухгалтери М.Н.А. тарабынан бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу жана коротуу фактылары аныкталган. Алар 2025-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин кызмат абалынан пайдаланып, 5 млн 213 миң 900 сомду ыйгарып алышы мүмкүн.
Тергөө тарабынан аныкталгандай, компаниянын борбордук аппараты 9 айдын ичинде Лейлек филиалынын эсебине компьютердик техниканы, эмерек, желим терезелерди сатып алуу жана жаңылоо, ошондой эле оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн каражаттарды которгон. Бирок, УКМКнын маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн товарлар сатылып алынган эмес, оңдоо иштери да жүргүзүлгөн эмес. Мындан тышкары, тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүүлөр кызматкерлерге банктык карталарына ашыкча эмгек акы төлөп, андан соң техникалык ката деп түшүндүрүп, ашыкча которулган сумманы накталай кайтарып берүүнү суранышкан.
11-мартта аларга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча айып тагылды. Соттун чечими менен алар камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.