13:31, 12-март, 2026

Айдоочулук күбөлүк алууга жардам берерин айткан ИИМдин кызматкери кармалды

На русском
08:29, 12-март, 2026 484

АКИpress - Кылмышка шектүү кармалды, деп билдирди 11-мартта УКМКнын басма сөз кызматы.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ИИМдин күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча күзөт бөлүмүнүн кызматкери К.у.А. 2025-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин айдоочулук күбөлүктү алууга көмөктөшөм деп ири суммадагы акча алган.

Акча банктык тиркеме аркылуу которулган. Буга байланыштуу 10-мартта ИИМдин ички иликтөө кызматынын катышуусунда милиционер кармалган. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»