13:25, 12-март, 2026

Күн электр станциясы менен чакан ГЭС үчүн жер тилкелерине сынак жарыяланды, - Жашыл энергетика фонду

На русском
18:39, 11-март, 2026 512

АКИpress - Кайра жаралуучу энергия булактары (КЭБ) чөйрөсүндөгү объекттерди куруу үчүн жер тилкелерин берүү укугуна сынак жарыяланды. Бул тууралуу Жашыл энергетика фонду билдирди.

Сынактар төмөнкү лоттор боюнча жарыяланды:

№ 1-лот: Күн электр станциясын куруу (кубаттуулугу 100 МВт)

  • Жайгашкан жери: Баткен облусу, Лейлек району, Кулунду айыл аймагы, Максат айылы (№ 6, 7, 11 контурлар), жалпы аянты — 135 га (идент. номуру: 8-03-07-008-002).
  • Техникалык шарттар: туташтыруунун алдын ала чекити катары «Раззаков — Арка» 110 кВ аба чубалгысы каралышы мүмкүн. Долбоор объекттин аймагында 110 кВ жогорулатуучу көмөкчордонду курууну, андан кийин 110 кВ аба чубалгысын тартууну караштырат. Ошондой эле тармактын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн «Айгүл-Таш — Раззаков» 110 кВ аба чубалгысынын экинчи чынжырын куруу зарыл.

№ 2-лот: Кубаттуулугу 2,1 МВт болгон чакан гидроэлектр станциясын (Чакан ГЭС) куруу

  • Жайгашкан жери: Чүй облусу, Москва району, Ак-Суу айыл аймагы, Төмөн-Суу айылы (№ 4, 7, 10, 12, 65, 66, 73, 47, 68 контурлар), жалпы аянты — 48 567 чарчы м (идент. номуру: 7-06-13-0015-0023).

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»