13:26, 12-март, 2026

Оштогу дарыканадан мыйзамсыз алып келинген дары-дармек аныкталды

На русском
17:25, 11-март, 2026 931

АКИpress - Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө Ош шаарындагы дарыканалардын биринен мыйзамсыз дары-дармектерди тапты.

Салык кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, «Аптека Кейжи» ЖЧКсына таандык жайды текшерүү учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинде катталбаган жана өлкө аймагына мыйзамсыз жол менен алып келинген жалпы суммасы 269 миң 989 сомдук дары-дармек табылды.

Ошондой эле дарыкана дары-дармектерди сактоого жана сатууга уруксат берүүчү документтери жок иштегени аныкталды.

Мындан тышкары, салык органдары башка дагы мыйзам бузууларды аныкташкан. Атап айтканда, товарларды сатуу электрондук эсеп-фактуралар аркылуу чагылдырылбастан жүргүзүлгөн, айрым жалданып иштеген кызматкерлер боюнча салык отчеттору берилген эмес, ошондой эле көзөмөл-кассалык машина техникалык жактан бузук абалда колдонулган.

Салык кызматкерлери жеринде тиешелүү актыларды түзүштү. Топтолгон материалдардын негизинде мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»