АКИpress - Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга борбор калаанын тургуну кайрылып, таанышына карата чара көрүүнү суранган. Жабырлануучунун айтымында, шектүү алгач баасы 16 миң долларлык «KIA K7» унаасын бир айдын ичинде сатып берүүнү убада кылып алган. Кийинчерээк баасы 12 миң жана 12,5 миң долларлык эки «Hyundai Sonata» унаасын да сатып берүү убадасы менен алган. Жыйынтыгында ал болгону 20,5 миң доллар төлөп берип, калган карызын бербей, байланышка чыкпай койгон.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, 1981-жылы туулган О.А. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция бул жарандын аракеттеринен жабыркагандарды же кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 (701) 41-15-11, 0 (700) 73-39-35 же 102.