13:31, 12-март, 2026

Молдова өкмөтү өлкөнү КМШнын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алды

На русском
17:12, 11-март, 2026 785

АКИpress - Молдова өкмөтү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) үч негизги келишимин — уюмду негиздөөчү келишимди, ага тиркемени жана уставды денонсациялоону жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Бул чечим Россия Федерациясы тарабынан шериктештиктин негизги баалуулуктарын жана принциптерин сактабагандыгына байланыштуу кабыл алынды. Анда мамлекеттер бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийбестигин таанып, урматташы керек», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле чечим Молдованын Евробиримдикке талапкер катары «жаңы стратегиялык артыкчылыктарын» чагылдырат. КМШнын курамынан чыгуу өлкөгө мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 3,1 млн лей (172,8 миң доллар) үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, деп белгиледи молдовалык өкмөт.

Молдова 2022-жылдан бери КМШнын жыйындарына катышпай келет. 2025-жылдын 19-январында өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги шериктештиктен толук чыгуу үчүн зарыл болгон үч негизги келишимди денонсациялоо процедурасын баштаган. 4-мартта келишимдерден чыгууну Молдованын парламентинин тышкы саясат боюнча комиссиясы бекиткен.

Шериктештиктин алкагында Молдова 283кө жакын келишимге кол койгон. Анын ичинен 71и буга чейин денонсацияланган, дагы 60ы денонсациялоо процессинде. Молдова бийлиги шериктештиктен чыгуу өлкөгө экономикалык пайда алып келген келишимдерге таасирин тийгизбей турганын белгилейт. Эгерде келишимдер евроинтеграцияга каршы келбесе, Молдова алардан баш тартпайт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»