13:31, 12-март, 2026

Арча-Бешик конушунун тургундары жерлерин кайтарып берүүнү суранышты

На русском
16:57, 11-март, 2026 784

АКИpress - Бишкектеги И.Ахунбаев көчөсүнүн Репин көчөсүнөн Муромск көчөсүнө чейинки тилкесиндеги Арча-Бешик конушунда жашаган тургундар жерлери 2010-жылдан бери камакта экенин айтып, мындан улам жер мунапысын ала албай калышканын билдиришти. Бүгүн, 11-мартта «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында тургундар президент Садыр Жапаров алардын маселесине көңүл буруусун суранышты.

Тургундардын бири Нурланбек Токторумбек уулунун айтымында, жер тилкеси боюнча №266 токтом 2005-жылы чыккан. 2010-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин 1-бөлүгү, 304-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде алардын жери камакка алынган. Андан бери тургундардын бирөө да кыймылсыз мүлккө болгон укукту тастыктаган документи менен алып-сатуу, күрөөгө коюу сыяктуу операцияларды жасай албай келишет.

Дагы бир тургун Сөөлөтбек Эркинбаевдин айтымында, жерди камакка алуу тууралуу документте 50 жер тилке Башкы архитектура менен макулашылганы көрсөтүлгөн. Бирок ошого карабай, алар камакта. Ал эми Нурлан Турдиевдин айтымында, аталган токтомдун негизинде бөлүнгөн жер тилкелердин саны 4000-6000ге чейин жетиши мүмкүн. Анткени документтин түп нускасы жоголуп, бирок анын көчүрмөлөрүнө шаардагы бош жерлер улам киргизиле берген.

Тургундар жер боюнча кызыл китептери бар экенин, бирок жашаган жер боюнча каттоого тура албай, мындан улам балдарды мектепке берүүдө, шайлоого катышууда ыңгайсыздыктар жараларын айтып өтүштү. Катышуучулар учурда алардын арызынын негизинде Ленин РИИБинде жарандык негизде иш каралып жатканын, бирок ал 4 айдан бери ордунан жылбай жатканын айтышып, алардын маселеси 16 жылдан бери чечилбей келерин кошумчалашты.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»