АКИpress - 11-мартта саат 13:31де Кытайдын аймагында, кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Какшаал-Тоо кыркаларында, Бедел айылынан түштүк-чыгышты көздөй 25 чакырым жана Каракол шаарынан түштүк тарапты көздөй 135 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө сезилген жок.