АКИpress - Кыргызстанда мопед жана скутер катышкан жол-транспорт кырсыктарынын саны өсүүдө. Бул тууралуу 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азенбек Козукеев билдирди.
Анын маалыматына караганда, 2025-жылы скутер катышкан 1015 кырсык катталган. Анын кесепетинен 39 адам каза болгон.
2026-жылдын алгачкы эки айында эле 25 кырсык катталып, 2 адам көз жумган.
Козукеев бул окуялардын баары скутер айдоочуларынын күнөөсүнөн улам болгонун кошумчалады.