АКИpress - Ирандын жаңы лидери Можтаба Хаменеи согуш башталган күнү эле бутунан жаракат алган. Дал ушул себептен улам ал эл алдына чыккан эмес жана билдирүү жасаган эмес, деп жазат «The New York Times» үч ирандык булакка таянып.
«NYT» гезитинин маектештеринин айтымында, Хаменеинин жаракат алганы тууралуу маалыматты аларга өкмөттүн жогорку даражалуу өкүлдөрү кабарлаган. Алар Ирандын жаңы лидери эс-учунда экенин жана байланыш каражаттары чектелген, катуу кайтарылган жайда жашынып жатканын айтышты.
Израилдик эки аскер кызматкерге шилтеме берген «NYT» Израилде да Можтаба Хаменеи 28-февралда жаракат алган деген бүтүмгө келишкенин кошумчалады.
Гезит белгилегендей, жаңы лидердин жаракат алганынын кыйыр далилдеринин бири — мамлекеттик телеканалдарда жана «Irna» агенттигинде айтылган сөздөр. Анда Хаменеи шайлангандан кийин согуштун жарадар ардагери деп аталган. Мындан тышкары, таасирдүү мамлекеттик диний кайрымдуулук уюму болгон «Имдад» куттуктоосунда Хаменеини согушта жаракат алган ардагерди түшүндүргөн перс термини менен атаган.
Иранда Хаменеинин жаракат алганын төгүндөшүүдө. Ислам республикасынын президентинин уулу Юсеф Пезешкиан жаңы лидердин саламаттыгы жакшы экенин билдирди.
Можтаба Хаменеинин жаракат алганы тууралуу 7-мартта эле израилдик «12-канал» өз булактарына таянып кабарлаган. Ал учурда Можтаба Хаменеи лидерлик кызматка башкы талапкер катары аталып жаткан.