АКИpress - Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта парламенттин жыйынында депутаттарга кайрылуу жасады.
Мамлекет башчысы коомдук биримдик, кадр саясаты, билим берүүнү өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине токтолду.
Президент жакында парламентте болгон окуяны эске салды, анда айрым депутаттар "тигил тарап" жана "бул тарап" деп бөлүп-жарууга аракет кылышкан.
“Бирок убагында токтотуп калдык. Элдин элегинен өтүп шайланып келген эл өкүлдөрү сиздер ушинтип турсаңыздар, анан карапайым эл каякка барат деген ой келди да мага. Ошондуктан мындан ары андай терс иштерди жасабайлы. Мындай бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат”, - деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы акыркы жылдары мурдагы мезгилдерден бери келе жаткан аймактык бөлүнүү практикасын жоюу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
“Мен ушундай болуп илгертен бери келе жаткан бөлүнүүнү акыры жок кылам деп өзүмө сөз бергем. Беш жылдын ичинде байкасаңыздар керек, кадимкидей бөлүнүп-жарылуу деген жок болуп калган, андай сөздү унутканбыз. Мисалы, акимдерди, сотторду жана башка мамлекеттик кызматкерлердин бардыгын ротация кылганбыз. Жыйынтыгын жакшы берип жатат”, - деди президент.
Мамлекет башчысы ушундай эле принципти жогорку билим берүү системасына да киргизүү пландары тууралуу билдирди.
“Кудай буюрса эмдиги жылы студенттерди дагы ротация кылабыз. Мисалы, жалпы 10 000 бюджеттик орун берет экенбиз, ошонун 5 миңин түндүккө, 5 миңин түштүккө беребиз дагы, студенттерди толук ротация кылабыз. Түндүктүк студенттер түштүктөн барып окуйт, түштүктүктөр түндүктөн келип окуйт”, - деди Садыр Жапаров.
Долбоорду башында эрте баштоо пландалган, бирок ишке ашыруу бир жылга жылдырылды.
“Акча каражат кичине тартыш болду. Анткени өлкөдө эл аралык ири иш-чаралар өтөт. Ошондуктан бир жылга — кийинки жылга калтырылды. Жети облуста, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларында бардык заманбап шарттары бар студенттик жатаканалар курулат”, - деди президент.
Мамлекет башчысы кадр даярдоо маселелерине да токтолуп, “Акылман” мектебинин маанисине токтолду.
“Акылман” мектебинен чыккан окуучулар кийин ЖОЖду бүтүп келгенден кийин бир күн дагы көчөдө жумушсуз калбайт. Орун жок болсо эскилерди бошотуп, пенсияга кеткенин пенсияга айдап, начар кызматкерлерди бошотуп туруп, ошолордун ордуна буларды алабыз. Мамлекет аларды окутууга миллиарддаган каражат жумшап жатат, анткени биз эң жогорку квалификациялуу кадрларды даярдап жатабыз”, - деди ал.
Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөшүү маселесине өзүнчө токтолуп, коррупцияга каршы күрөшүү саясатын ырааттуу улантуу зарылдыгын белгиледи.
“Кечээ жакында өзгөчө кырдаалдар министри кызматына талапкер издеп, 10 талапкерди сунушташса, 9у коррупционер деген жыйынтык чыгарылды. Анан айттым: “Таза министр болчу кадр калдыбы Кыргызстанда, барбы?” деп. Биз элге убада берип келгенбиз: таза иштейбиз, коррупцияны жок кылабыз деп. Ошол антыбызды аткарышыбыз керек”, - деп кайрылды президент.
Ошондой эле мамлекеттик башкарууну, анын ичинде парламенттин ишин санариптештирүүнү тездетүү зарылдыгын белгиледи.
“Электрондук парламентке өтпөсөк, кагаз жана башка техникалар үчүн аябай көп каражат сарпталып жатат. 2020-жылдан бери жалпы 65 тонна кагаз керектелиптир. Бул бир гана А4 форматындагы кагаз”, - деди президент.
Буга байланыштуу ал парламенттин ишин электрондук форматка өткөрүүнү сунуштады.
“Жогорку Кеңешти планшетке, ноутбукка өткөрүп, электрондук парламент кылалы. Кагаз менен калемди унуткула, замандын талабы ушундай. Өнүккөн өлкөлөр мындан 30 жыл мурда эле өтүп кетишкен”, - деди мамлекет башчысы.
Андан соң Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берди.