АКИpress - Иранга каршы аскердик операция башталгандан бери Американын 140 аскер кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу Пентагондун маалымат катчысы Шон Парнелл «The Hill» басылмасына билдирди.
Анын айтымында, сегиз аскер оор жаракат алган.
Жабыркагандардын көбү жеңил жаракат алышкан. Пентагондун маалыматына караганда, 108 аскер кызматкери кайрадан өз милдеттерин аткарууга киришти. Буга чейин АКШ жаракат алгандардын саны тууралуу маалымат берген эмес.
«Reuters» агенттиги өз булактарына таянып, жабыркаган америкалык аскерлердин саны 150гө жеткенин кабарлады. Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Левитт бул көрсөткүч чындыка жакын экенин айтты.
АКШ менен Израиль Иранга каршы аскердик операциясын 28-февралда баштаган. Америка тарап операция башталгандан бери сегиз аскери каза болгонун кабарлаган.