АКИpress - Куралдуу күчтөрүнүн катарына мөөнөттүү аскердик кызмат өтөөгө жөнөп жаткан чакырылуучуларды тосуп алуу салтанаты Республикалык жыйноо борборунда өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара 11-мартта жарандарды жазгы аскерге чакыруунун алкагында өттү. Жаңы жоокерлер Чек ара кызматынын бирикмелерине жана бөлүктөрүнө кызмат өтөөгө жөнөтүлдү.
Узатуу салтанатына Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Башкы уюштуруу-мобилизациялык башкармалыгынын өкүлдөрү, аскер комиссариаттарынын кызматкерлери, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, ошондой эле чакырылуучулардын туугандары жана жакындары катышты.
Жаңы аскерлерди жөнөтүү боюнча ушундай эле иш-чаралар Ош, Жалал-Абад жана Балыкчы шаарларындагы жыйноо борборлорунда да өттү.
Коргоо министрлиги жарандарды аскерге чакыруу президенттин «Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөгөн аскер кызматчыларын запаска чыгаруу, ошондой эле 2026-жылдын март-май жана сентябрь-ноябрь айларында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка кезектеги чакыруу жөнүндө» жарлыгына ылайык жүргүзүлөрүн эске салды.
Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү ушул жылдын апрель айынын аягына чейин уланат.