АКИpress - Мэрия имаратынын артында 9 кабаттуу жаңы курулуш салуу ниетинен баш тартты, анын ордуна жер алдындагы унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу 11-мартта Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында вице-мэр Азамат Кадыров билдирди.
«Эл үмүтү» фракциясынын депутаты Алмаз Аскар уулу мэриянын артында курулуп жаткан долбоор тууралуу сурады.
«Ал жерге жашылдандыруу аймагы менен жер алдындагы унаа токтотуучу жай курулат, башкача айтканда, үстүңкү бети сквер болот», - деди вице-мэр.
«А буга чейинки долбоор башкача болчу беле?» - деп сурады депутат.
«Буга чейин түрдүү варианттар каралып, акырында жер алдындагы 2 кабаттуу унаа токтотуучу жай жана үстүндө жашыл аймакты уюштуруу чечими кабыл алынды», - деди Азамат Кадыров.
«Бюджеттик комиссия аркылуу бөлүнгөн каражаттар башка долбоорго которулду беле?» - деп сурады депутат.
«Бюджеттик комиссия тарабынан каражаттар имараттын жанына кошумча курулуш үчүн так ушул жер алдындагы унаа токтотуучу жайга бөлүнгөн...» - деп жооп берди вице-мэр.
Алмаз Аскар уулу баштапкы долбоорго канча каражат бөлүнгөнү тууралуу сураганда, алгач 1 млрд сомго жакын сумма болгону, бирок ал кайра каралып чыкканы айтылды.
«Алгач 1 млрд сом бул долбоор үчүн бюджетке киргизилип, анан өзгөртүүлөр киргизилип, каражаттын бир бөлүгү райондорду өнүктүрүүгө багытталды», - деди Азамат Кадыров.
Алмаз Аскар уулу баштапкы долбоор 1 млрд сомго эмне үчүн ишке ашырылбаганын сурады.
«1 млрд сом - бул өтө чоң акча. Мэриянын аймагындагы долбоор үчүн, менимче, бул абдан чоң долбоор болушу керек. Долбоор өзгөртүлдү, көйгөй эмнеде эле?» - деп сурады Алмаз Аскар уулу.
Вице-мэр шаардыктардын пикири эске алынганын мындан улам жашылдандыруу зарыл деген чечим кабыл алынганын белгиледи.
«Мурда 34-40 унаага ылайыкталган болсо, эми 100 унаага ылайыкталган муниципалдык жер алдындагы унаа токтотуучу жай болот», - деп түшүндүрдү Азамат Кадыров.