13:31, 12-март, 2026

Ушундай баада турак жай курууга даяр болсо, компаниялар мага кайрылсын, - президент МИК тууралуу

13:32, 11-март, 2026 546

АКИpress - 11-мартта Жогорку Кенештин жыйынында президент Садыр Жапаров 2020-жылга чейин «Мамлекеттик ипотекалык компания» 14% жылдык үстөк менен турак жай берип, банкка окшоп келгенин билдирди.

Ал ошол учурда МИК аркылуу турак жай алган адамдардын айлыгы 16 миң сом болсо да, ай сайын 24 миң сом төлөшкөнүн айтты. Президент учурда айлык 70-80 миң сомго көтөрүлгөнүн, 2026-жылы 20 миңге жакын үй-бүлө ачкыч алышарын жана аймактарда да ипотекалык турак жай курулуп жатканын белгиледи.

Ал МИКтин үй сатуудагы үстөк баасына токтолуп, эгер мындай жасалбаса жыл сайын МИКке бюджеттен каражат бөлүү керек болмок экенин айтты. Ал ошондой эле компаниянын акционердик капиталы азыр 2 млрд доллар экенин, ал эми өткөн жылы 1 млрд доллардан ашык болгонун ошондой эле, Улуттук банк бюджетке өткөргөн 400 млн доллар да жаңы үйлөрдү курууга багытталган билдирди.

Президент белгилегендей, азыр МИК 4%дык жылдык үстөк менен 25 жылга үй берип жатат, жана бул үйлөр жеке курулуш компанияларына караганда кыйла арзан. Жеке компаниялар өз батирлерин 2000-3000 долларга чейин сатышат, ал эми ипотекалык үй региондордо 750 доллардан, Чүй облусунда 700 доллардан сатылат.

Садыр Жапаров жеке курулуш компаниялары МИКтин баасында үй куруп берүү үчүн жер тилке алуу ниети болсо, аларды кабыл алууга даяр экенин айтты. Ал Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевди мисал кылып, ал мэр болгонго чейин эле үй куруу боюнча кызматтарын сунуштаганын айтты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»