АКИpress - Депутат Айгүл Карабекова шприц өндүргөн ата мекендик ишкананы колдоого чакырды.
«Өлкөдө шприц чыгарган жалгыз ишкана "Medimpex" компаниясы иштеп жатат. Бул ишкана түрдүү көлөмдөгү шприцтерди өндүрүп, өлкөнүн ички муктаждыгын камсыздай ала турган өндүрүштүк мүмкүнчүлүккө ээ. Ишкананын кубаттуулугу 500 миңге чейин шприц чыгарууга жетет. Бирок мамлекеттик сатып алууларда анын үлүшү өтө аз. 2025-жылы 31-октябрга карата 1,6 млн шприц сатып алынган. Бирок анын болгону 1,4%ы гана ата мекендик өндүрүштөн алынган.
Бул жагдай олуттуу суроолорду жаратат. Анткени мамлекеттик каражаттар кыргыз өндүрүшүн колдоонун ордуна чет мамлекеттердин экономикасын колдоого кетип жатат. Мындан тышкары мындай көрүнүштөр коомчулукта коррупциялык кызыкчылыктар барбы деген күмөн саноону жаратпай койбойт.
Ошол эле учурда бул ишканага олуттуу инвестициялар салынган. Ондогон адам эмгектенип жатат. Эгер ата мекендик өндүрүш колдоого алынбаса, мындай ишканалардын жабылып калуу коркунучу бар, - деген депутат бул маселени саламаттыкты сактоо министрлиги жеке көзөмөлүнө алышы керектигин айтты.
Президент Садыр Жапаров медициналык шприц чыгарган заводко 4-5 жыл мурун Алымкадыр Бейшеналиев министр болуп турган кезде, пайызсыз насыя берилгенин айтып, сатып алуулар боюнча министрге тапшырма берди.
«Бүгүн чыгып туруп ревизия кылыңыз. Каяктан алынып келип атат? Эмне үчүн өзүбүздөн чыккан өндүрүштү албай жатасыңар? Түшүндүңүз, э?», - деди ал.