АКИpress - Бишкектеги «Буффет» ашканасынан тамактанган 13 киши жабыркады. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, медициналык жардамга 13 киши кайрылган: 11и ооруканага жаткырылган, экөө амбулатордук дарыланууда. Алар«Буффет» ашканасында даярдалган тамак-аштарды жеген.
Адистер мекемеге плансыз текшерүү жүргүзүп, анализ үчүн продукциянын үлгүлөрүн алышты.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 23 миң сом айып пул салынды, ошондой эле ашкананын ишин убактылуу токтотуу боюнча эскертүү берилди.
Эпидемиологиялык иликтөө уланууда.