АКИpress - Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин отурумунда мамлекеттик сыйлыктардын санын кыскартуу долбоору боюнча түшүндүрмө берди.
«2021-жылдан баштап ревизия жасап баштаганмын. Анда Касманбетов мырзаны төрага кылып комиссия түздүрүп ревизия жасагыла дегем. Мурда билесиңер, сатылып эле келген да. Беш миң-он миң долларга чейин сатып алчу. Аны мен деле билчүмүн мурда эле. Анан ревизия жасатканда эки ырды ырдап чыгып коюп эл артисти болуп алып алгандар бар экен. А медицина тармагы, мугалимдер жана башка тармактарда 30 жыл, 50 жыл СССР мезгилинен бери эмгеги сиңген аксакал аталар менен апалар албаган учур бар экен.
Эсиңиздерде болсо 150, 200, 300 кишиден бердик. Баарына берип бүткөндөн кийин карасак, сыйлыктардын 47 түрү бар экен. Бир аз болсо дагы бирөөнүн укмуш "супер ити" деп деле сыйлык бербегенибиз эле калыптыр. Анан анын санын азайтуу боюнча тапшырма берип, санын 20га түшүргөнбүз. Аны сиздерге Жогорку Кеңешке жибергенбиз. Эгер кошумча кылсаңыздар, кошумча кылгыла. Бул силердин укугуңар. Алымча кылып, санын онго түшүрүп салсаңар, андан беш-бетер жакшы болот. Мен силер өткөрүп берген мыйзам менен макулмун», - деди президент.