13:24, 12-март, 2026

Иран менен Израилде канча кыргызстандык бар?

На русском
12:52, 11-март, 2026 496

АКИpress - Ушул аптада Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктарды алып келүүчү дагы бир учак келет, деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу.

Анын айтымында, азыркы учурда Катар, Бахрейн жана Кувейтте жашаган жалпы кыргызстандыктардын ичинен 20-25% гана кайтып келүү каалоосун билдиришкен.

Кувейтте 480ге жакын кыргызстандык бар, алардын ичинен 78и гана кайтып келүүгө макул. Бахрейнде жашаган 80 кыргызстандыктын 40тайы кайтып келүүгө макул, ал эми Катардагы келүүгө ниеттенип жаткандардын так саны азырынча белгисиз.

«Жарандардын кайтып келүү боюнча пикири өзгөргөндүктөн, тизме улам жаңыланып жатат», - деди Жумакадыр уулу.

Жакынкы Чыгышта туруксуз кырдаалга чейин Кыргызстандын 22 миңдей жараны бар болчу. Жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Иранда 100гө жакын кыргызстандык жашайт, бирок алардын көбү кош жарандыкка ээ. Израилде 97 кыргызстандык жашайт, алардын эч кимиси Кыргызстанга кайтып келүү ниетин билдиришкен жок.

Жалпысынан 3 миңге жакын жаран кайтып келген, алардын 426сы атайын каттамдар менен келди. Кайтып келген кыргызстандыктардын 95% туристтер болгон.

Кийинки каттамдын күнү кийинчерээк маалымдалат. Каттам Сауд Арабиясы аркылуу болору белгилүү.

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө саякаттоону токтото турууну сунуштайт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»