13:25, 12-март, 2026

Алматыда түн ичинде 27 сантиметрге жакын кар жаады

На русском
12:49, 11-март, 2026 257

АКИpress - Алматыда шейшембинин кечинен шаршембинин таңына чейин болжол менен 27 см кар жаады. Бул тууралуу шаардык акимчиликтин басма сөз кызматы «Казгидрометке» шилтеме берүү менен билдирди.

Акимчиликтен билдиришкендей, муз тоңбошу үчүн жана жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында коммуналдык кызматтар кар жаай баштаган алгачкы сааттардан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Шаар көчөлөрүндө жалпысынан 75 ыкчам бригада, 2 710 жол жумушчусу жана 1 225 атайын техника ишке тартылды. Жолдорго тайгалакка каршы материалдар себилип, борбордук көчөлөр, тротуарлар, аялдамалар, жер үстүндөгү жөө өтмөктөр, тепкичтер жана пандустар кардан, муздан тазаланууда.

Синоптиктердин божомолуна ылайык, 11-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы -6...-8°C болуп, андан ары төмөндөшү мүмкүн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»