13:31, 12-март, 2026

Кагаз менен калемди унуткула, - президент депутаттарга

12:45, 11-март, 2026 459

АКИpress - Электрондук парламентке өтпөсөк, кагаз жана башка уюштуруу техникалары үчүн көп каражат сарпталып жатат, деди президент Садыр Жапаров.

Ал 2026-жылы Жогорку Кеңешке 9 тонна кагаз алынганын, 2021-жылы 9 тонна, 2022-жылы 13 тонна, 2023-жылы 9 тонна, 2024-жылы 18 тонна, 2025-жылы 10 тонна, жалпы 5 жылда 65 тонна кагаз иштетилгенин белгиледи.

«Бул бир гана А4 форматындагы кагаз үчүн, башка дагы чыгымдар бар. Биз кагаздарды чет өлкөдөн алып келебиз, импорттойбуз. Биз мындан баш тартышыбыз керек.

Урматтуу депутаттар, өткөндө Марлен мырза менен Жогорку Кеңешти планшетке, ноутбука өткөрүп, электрондук парламент кылуу боюнча сүйлөштүк. Төрага техника менен жакын дос экен. Мени ошол кубантты. Анткени өзү мындай түшүнгөн, билген адам тез өткөрөт деп ойлойм. Кагаз менен калемди унуткула. Мына замандын талабы ушундай. 19-кылымдагыдай жүрбөй. Көп өлкө мындан 30 жыл мурда эле электрондук ишке өтүп кетишкен. Биз дагы деле кагаз доорунда жүрөбүз.

Эми баарыңар эле 100% биле бербесеңиздер керек. Үйрөнгүлө, жардамчыларыңарды колдонгула, IT-кызматкерлерди 1 айга жалдап алып, алардан окусаңар болот. Аюну деле мына адамзаты велосипед тепкенди үйрөтүп койдуго, ага караганда адамбыз го, биз деле тез эле үйрөнсөк болот. Мисалы, ноутбук, планшетке өтүп алсаңар, бир эле адам кабинетте отуруп, бардык материалдарды, долбоор болобу, мыйзамдын өзүн болобу, же жанагы башка документтерди бир эле адам таратып коёт.

Дагы бир жакшы жери бул компьютерде 15-20 жылдык архивдер сакталат. Мисалы,  65 тонна кагазга баткан материалды бир эле ушуга батырып алса болот.

"Шеф, сиз 5-6 жыл мурун өтүп кеткен иштердин баарын кантип эстеп жүрөсүз" деп сурашат. 5-10 жыл мурункуну ачып карап, эстеп, анан сурайсың да телефон чалып. Эң бир кейиткен жери мыйзам долбоорлорун мына бир эле сөз киргизгенде, өзгөрткөндө, кайра баягынын бардыгын кайра жаңыдан чыгарып туруп, кайра жаңыдан таратасыңар. Ушунун бардыгы абдан коромжу болуп атат. Мен эки жолу депутат болгом, менин деле башыман өткөн, алдагы 10 кг кагазды бир да жолу ачып койбогон учурлар болот кээде. Муну машинада отуруп кетип баратып деле, үйдө отуруп алып, тамак ичип отуруп деле карай берсеңиздер болот. Принтерлерге, ага кеткен боёкторго, электроэнергияга, аны иштеткен секретарларга эмгек акылар болуп отуруп, миллиарддаган сом короп жатат. Өкмөт 3 жыл мурун электрондук документацияга өткөн. Миллиарддаган сом үнөмдөлгөн. Келгиле ошол акчаны силердин фондуңарга кошуп берели», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»