13:31, 12-март, 2026

Бардык тармакта импорттуу азайтуунун үстүндө иштеп жатабыз, - президент

На русском
12:35, 11-март, 2026 248

АКИpress - Бардык тармактар импорттон кетүү боюнча 5 жылдан бери үзүрлүү эмгек жасалып жатат, деп билдирди президент Садыр Жапаров.

Ал күнүмдүк керектелүүчү тамак-аштын 6 түрүн өлкө өзү камсыздай баштаганын айтты.

«Мурда экспортточубуз. Мисалы, мына сүт, картөшкө, жашылчалар, эт, жумуртка, кант менен өзүбүздү өзүбүз камсыздай баштадык. Ун, мөмө-жемиш, өсүмдүк майын дагы деле импорттоп келебиз.

Эми мөмө-жемиш менен өсүмдүктү аракет кылып жатабыз, жакынкы арада. Буга да жетебиз. Эми өзүбүздү ун менен камсыз кылыш кыйын. Анткени биздин өлкөнүн 94% жерин тоо ээлейт. Болгону 6%ы гана түз жер. Ошол түз жерлердин ичинде да шаарлар, райондор, айылдар жайгашкан. Башка тармактарда дагы, мисалы, курулуш тармактарында, жана башка бүт бардык тармактарда импорттуу азайтуунун үстүндө иштеп жатабыз», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»