АКИpress - Кыргызгидромет маалымдагандай, 12-матрка караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө
түнкүсүн -8...-13
күндүз -1...-6
Суусамыр өрөөнүндө
түнкүсүн -17...-22
күндүз -6...-11
Талас өрөөнүндө
түнкүсүн -8...-13
күндүз -3...+2
Баткен облусунда
түнкүсүн -4...-9
күндүз +3...+8
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -4...-9
күндүз +3...+8
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -7...-12
күндүз 0...5
Нарын облусунда
түнкүсүн -11...-16
күндүз 0...-5
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -11...-13°, күндүз -1°...+1° суук болот.