АКИpress - Кыргызстандык Кутманбий Муратов Черногорияда өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы Дүйнө кубогунда 3-орунду ээледи.
19 жашка чейинки спортчулардын катышуусундагы «Адриатика бермети» турнири 4-мартта Будва шаарында башталган. Муратов 14 спортчу катталган 70 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.
Кыргызстандык спортчу мелдештин 1/8 финалдык баскычынан баштап, Украина жана Казакстандын өкүлдөрүн жеңип, жарым финалга чыккан. 9-мартта финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Муратов Азербайжандын спортчусуна утулду. Жыйынтыктоочу протоколго ылайык, кыргызстандык боксчу 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болот.
Ал эми 60 кг чейинки салмакта Умар Орусбаев финалга чыкты жана 11-мартта алтын медаль үчүн беттешке чыгат.
70 кг чейинки салмак
1/8 финал
Кутманбий Муратов - Данило Похтин (Украина) — 5:0
1/4 финал
Кутманбий Муратов - Мадяр Самбет (Казакстан) — 3:2
Жарым финал
Рза Рзаев (Азербайжан) - Кутманбий Муратов — 5:0