АКИpress - Ирандын БУУдагы өкүлү Амир Саид Иравани АКШнын жана Израилдин чабуулдары башталгандан бери Иранда 1 миң 300дөн ашуун жай тургун каза болгонун билдирди, деп кабарлайт «Синьхуа».
«АКШнын жана Израилдин соккулары 9669 жарандык объектти, анын ичинде 7943 турак үй, 1617 соода жана кызмат көрсөтүү борборлорун, 32 медициналык жана фармацевтикалык мекемени, 65 мектеп жана билим берүү мекемесин, Кызыл жарым айдын 13 имаратын жана бир нече энергетикалык объектти талкалады», - деди Иравани.
Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 15 миң адам жаракат алганын билдирди. Ооруканага жаткырылгандардын 12,5 миңи дарыланып, ооруканадан чыгышкан. Дагы 1,7 миң ирандык медициналык мекемелерде дарыланууда.
28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик операция баштаган.