13:29, 12-март, 2026

Министр кызматына сунуштаган он адамдын тогузунун коррупцияга байланышы бар экен, - президент

На русском
12:02, 11-март, 2026 910

АКИpress - Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин отурумунда өзгөчө кырдаалдар министрлигине талапкер катары сунушталган 10 адамдын тогузу коррупционер болуп чыкканын айтты.

«Аны сунуштасаң деле "Ой ал бул ишке аралашкан, анын иши тигил ишке аралашкан" дешти. Кыргызстанда кадр барбы? Силер дагы, мен дагы элге убада берип келгенбиз, шайланып келгенбиз, таза иштейбиз, мамлекет үчүн иштейбиз, келечекти түзөбүз, коррупцияны жок кылабыз дегенбиз. Ошон үчүн ошол берген антыбызды, убадаларыбызды аткарышыбыз керек», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»