АКИpress - УКМК тарабынан тартып алынган мүлктүн жарымын чөнтөгүнө алгандар болсо, текшерилип, мамлекетке кайтарылат, деди президент Садыр Жапаров.
Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Элвира Сурабалдиева УКМКнын ишинде ката болгонун айтып, мүлкү алынган жеке ишкерлердин маселесине токтолду.
«Жаңы жетекчиликтен сурандым. Сизден да суранам. Арыз муңу менен кайрылгандан корккон жарандар көп болуп жатат. Көбүнчөсү ишкерлер. Оокатын алып койгондор көп экен. УКМКнын катарындагы адамдар экен. Кызматтан алынган адамдардын да фамилиясы бар. Анын баарын сиз уксаңыз керек.
Ишкерлерге ачык жазыгыла десем, алар ошол эле адамдардын туугандары прокуратурада, администрацияда иштерин айтып жатышат. Бишкек шаары ушунча кичинекей, тууган тушкандары менен элди, ишкерлерди тоноп, азыр эл, иштеп жаткан жарандарыбыз арыздангандан да коркуп жатышат. Эгер ошол адамдар арыз жазса, мен бул каттарды сизге түзмө-түз жөнөтөм. Кабыл алыңыздар деп суранам», - деди депутат.
Депутат тартып алынган мүлктүн толук тизмесин ачык жарыялоону суранды.
«Мамлекетке өткөрүлгөн мүлк боюнча УКМК расмий тизмени жарыялаш керек. Канча оокат чынында ишкерлерден алынды, канчасы өз каалоо менен дегендей, канчасы кыйноо жолу менен, канчасы чын эле ошол мамлекетке өттү деген суроолор келип жатат мага. Ошол иштеп жаткан УКМКнын кызматкерлери өздөрүнө, туугандарына каттап алган учурлар көп деп ачык айтылып жатат», - деди ал.
Президент ревизия жүргүзүлөрүн белгиледи.
«Прокуратурага, ички иштер министрлигине арыздар түшсө алгыла дагы, калыс текшерип туруп, анан адилет чечим чыгаргала деп айттым. Жарымын өзүнө алып, жарымын мамлекетке өткөргөн деген боюнча дагы айттым. Аны да иликтеп көргүлө дагы, ким жарымын чөнтөгүнө алып алган болсо, аны кайра кайтартып мамлекетке бергиле деп. Ким эгерде алып, бирөөнүн атын жамынып, акчаларын алабы, үйүн алабы, мүлкүн алабы, бизнесин тартып алабы, кайра кайтартып берип коюгула дедим. Азыр ошонун үстүндө иш аткарылып жатат. Ал эми мамлекетке өткөн мүлктөр боюнча болсо, мунун бардыгын ревизия кылып бүткөндөн кийин анан чыгарабыз. Ушул жылдын аягына барып бүтөт го. Анткени анда баягы мамлекетке кайра кайтарылган жерлер, бала бакчалар бар, мекемелер, заводдор бар. Ал акчалай эле өткөн эмес. Ошон үчүн алардын баарын ревизия кылып туруп, анан так суммасын айтабыз», - деди президент.