АКИpress - Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна барды. Ал мекеменин иштөө шарттары, лабораториялардын абалы жана инфраструктурасы менен таанышып чыкканы маалым болду.
Касымалиев имараттын моралдык жана техникалык жактан эскиргендигин, капиталдык оңдоодон өтпөгөндүгүн жана канааттандырарлык эмес абалда тургандыгын айтты.
Ал жаңы имараттын долбоорун иштеп чыгууну жана жабдуулардын тизмесин түзүүнү тапшырды – заманбап ярустук муздаткычтардан баштап ДНК-тест үчүн лабораториялык комплекстерге чейин.
Долбоорго каржылык эсептөөлөр жана биринчи кезектеги жана келечектеги баскычтарга бөлүнүүчү иштердин план-графиги тиркелүүгө тийиш.