АКИpress - 20-мартта Орозо айт майрамы белгиленет. Буга байланыштуу 20-март иш күн эмес, деп билдирди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги.
Андан тышкары майрамдын алдындагы жумуш күнү бир саатка кыскартылат.
Андан тышкары 21-мартта Нооруз майрамы ишемби күнүнө туура келет. Жаңы Эмгек кодексине ылайык, бул учурда кошумча эс алуу күнү болбойт.
Өндүрүштүк шарттарга байланыштуу иши токтотулбай турган уюмдарда кызматкерлерди майрам күндөрү жумушка тартууга эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жол берилет.
Министрлик иш берүүчүлөрдү майрам жана дем алыш күндөрү кызматкерлердин иш убактысын уюштурууда эмгек мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.