12:38, 12-март, 2026

«Адилет Кыргызстан» депутаттык тобунун аталышы «Ишеним» деп өзгөрдү

На русском
11:02, 11-март, 2026 282

АКИpress - Жогорку Кеңештин «Адилет Кыргызстан» депутаттык тобу «Ишеним» деп аталды. Бул тууралуу анын жетекчиси Нурбек Сыдыгалиев 11-мартта парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим депутаттык топтун отурумунда кабыл алынган.

Анын курамына 14 депутат кирет.

Нурбек Сыдыгалиев

Исманали Жороев — жетекчинин орун басары

Рахат Жунушбаева — жетекчинин орун басары

Гүлнара Акимбаева

Илимбек Кубанычбеков

Гүлшаркан Култаева

Жылдыз Курманалиева

Сүйүнбек Өмүрзаков

Бакыт Тентишев

Равшанбек Рысбаев

Кубанычбек Самаков

Жылдыз Таалайбек кызы

Нуржамал Төрөбекова

Бахридин Шабазов.

Парламентте жалпысынан 5 депутаттык топ бар: «Ала-Тоо», «Ынтымак Мекенчил», «Ишеним», «Элдик», «Эл үмүтү — Ата Журт».

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»