АКИpress - Украина Брянск шаарындагы аскердик продукцияларды чыгарган ишканага сокку урушту.
«Завод Россия Федерациясынын бардык түрдөгү ракеталарын башкаруу системаларын чыгарган», - деп билдирди шейшемби күнү кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Анын айтымында, ийгиликтүү операция тууралуу ага Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командири Александр Сырский маалымдаган.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдиргендей, сокку «Кремний Эл» микроэлектроника заводуна урулган. Ал үчүн Улуу Британиянын «Storm Shadow» ракеталары колдонулган.
«Кремний Эл» – бул Россиянын жогорку тактыктагы курал-жарактарын өндүрүү чынжырындагы өтө маанилүү жай. Завод «Искендер» ракеталарынын «мээси» жана «нерв системасы» болуп саналган жабдыкты чыгарат», - дейт Украинанын Башкы штабы.
Алардын маалыматы боюнча, өндүрүштүк кубаттуулук олуттуу түрдө жабыркаган.
Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз ракеталык соккунун кесепетинен алты киши каза болгонун билдирди. Дагы 37 киши жаракат алган, алардын бардыгы ооруканага жеткирилген, деп жазган ал Telegram баракчасына.
Богомаз түтүн каптап жатканын жазып, тургундарды көчөдө аз жүрүүгө, ошондой эле терезелерин жабууга чакырган.
Astra жана Exilenova+ Telegram каналдары заводдо «Панцирь», «Искендер», «Тополь-М», «Булава», С-300 жана С-400 куралдарына колдонулган электрондук компоненттер чыгарыларын белгилешет.
Ошондой эле Брянск шаарында ракеталык кооптуулук жарыялангандан кийин 10го жакын жарылуу болгону жазылды.