13:26, 12-март, 2026

Парламент Канатбек Чыныбаевдин өзгөчө кырдаалдар министри кызматына талапкерлигин жактырды

На русском
11:00, 11-март, 2026 248

АКИpress - Жогорку Кеңеш 11-мартта Канатбек Чыныбаевдин өзгөчө кырдаалдар министри кызматына талапкерлигин жактырды.

Катталган 87 депутаттын 81и добуш берди.

Анын талапкерлиги президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган. Чыныбаев 10-мартта министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»