АКИpress - Велосипед уурдоого шектелгендер кармалды, деп билдирди Бишкек милициясы.
6-мартта борбор калаанын тургуну милицияга кайрылган. Анын айтымында, 5-март күнү 7-кичи райондогу үйүнүн жанынан 40 миң сомдук велосипедин уурдатып жиберген.
Бишкек милициясынын ыкчам кызматкерлери 2008-жылы туулган Д.Ж. жана 2007-жылы туулган Б.Ж. аттуу шектүүлөрдү кармашты. 19 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн ушундай 10дон ашык уурдоо фактыларына катыштыгы бар экени аныкталган.