11:05, 13-март, 2026

Кыргызстандык боксчу Дүйнө кубогунун финалына чыкты

На русском
10:08, 11-март, 2026 414

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Умар Орусбаев Черногорияда өтүп жаткан бокс боюнча жаштар арасындагы Дүйнө кубогунун финалына чыкты.

«Адриатика бермети» турнири 4-мартта Будва шаарында башталган. Анда 19 жашка чейинки спортчулар арасында медалдардын 10 комплекти ойнотулат.

Орусбаев 60 кг салмак категориясында ат салышууда, бул категорияга 16 спортчу катышууда.

Кыргызстандык спортчу 1/8 финалдан баштап, Эстония, Украина, Швециядан келген атаандаштарын жеңип, финалга жолдомо алды.

11-мартта боло турган чечүүчү беттеште Орусбаев Казакстандын өкүлү менен күч сынашат. Бетттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.

Жыйынтык:

60 кг чейин

1/8 финал

Артем Котлярский (Эстония) - Умар Орусбаев — 2:3

1/4 финал

Умар Орусбаев - Александр Пасиченко (Украина) — 5:0

Жарым финал

Исак Абдулвахаб (Швеция) - Умар Орусбаев — 0:5

Финал, 11-март

Данияр Акбиссенов (Казакстан) - Умар Орусбаев

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»