06:07, 13-март, 2026

Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Түркия парламентинин спикери менен жолугушту

На русском
09:16, 11-март, 2026 217

АКИpress - 10-мартта Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев  Анкарада Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту.

ТМУнун сайтында маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар уюмдун учурдагы ишмердүүлүгүн талкуулап, түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты андан ары чыңдоо боюнча пикир алышты. Өмүралиев саясий диалогду өнүктүрүүдө, экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүдө жана мүчө мамлекеттер менен байкоочулардын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөдө уюмдун ролу өсүп жатканын белгиледи.

Түрк дүйнөсүнүн жалпы күн тартибин илгерилетүүдө парламенттик дипломатиянын маанисине өзгөчө көңүл бурулду. Буга байланыштуу тараптар ТМУнун алкагында кабыл алынган демилгелерди жана чечимдерди колдоодо улуттук парламенттердин жана тармактык парламенттик платформалардын маанилүү ролун белгилешти.

Ал эми төрага Түркия парламенти уюмдун ишмердүүлүгүн жана түрк мамлекеттеринин ортосундагы биримдикти, тилектештикти жана кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган аракеттерди туруктуу колдой турганын ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар институционалдык өз ара аракеттенүүнү андан ары чыңдоого жана түрк мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн ортосунда тыгыз байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү демилгелерди илгерилетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»