06:07, 13-март, 2026

ТМУнун башкы катчысы менен Түркиянын ички иштер министри трансулуттук коркунучтарды талкуулашты

На русском
09:06, 11-март, 2026 194

АКИpress - 10-мартта Анкарада Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын ички иштер министри Мустафа Чифтчи менен жолугушту.

Уюмдан билдиришкендей, Өмүралиев Чифтчини ички иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар трансулуттук коркунучтарга, анын ичинде терроризмге, уюшкан кылмыштуулукка, адам сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы биргелешип күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, Түрк мамлекеттеринин Ички иштер министрликтери менен укук коргоо органдарынын ортосунда тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашууну өнүктүрүүгө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында ички иштер чөйрөсүндөгү тийиштүү ведомстволордун ортосунда тыгыз диалогду улантууга жана практикалык кызматташтыкты чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»