АКИpress - Жылдыз Шеримбекова Жогорку Кеңештин Аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка төрага Марлен Маматалиев кол койду.
Ал бул кызматка Жогорку Кеңештин төрагасынын санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалган Жайнак Үсөн уулунун ордуна келди.
Жылдыз Шеримбекова Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
2015-жылдан 2018-жылга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы кызматын ээлеген.
2018-жылдан 2022-жылга чейин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалымат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
2022-жылдан 2024-жылга чейин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын кеңешчиси кызматын аткарган.
2024-жылдан баштап Президенттин администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын эксперти кызматын ээлеп келген.