АКИpress - Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алимент карызы өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.
Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн өндүрүшүндө карызкор К.Н.Б.дан үч баланы багуу үчүн С.Н.С.тын пайдасына алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши болгон.
«Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 565 миң 627 сом толугу менен өндүрүлдү», - деп жазылган маалыматта.