АКИpress - Аскер прокуратурасы мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
«Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», - деп кошумчалашты Аскер прокуратурасынан.
10-мартта президент Садыр Жапаров Урматбек Шамыркановду Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотту. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, министрдин кызматтан кетишине мурда орун басарлык кызматты аркалап турганда пара алган деген шектөө себеп болгон.