13:30, 12-март, 2026

Министр болгон Канатбек Чыныбаев тууралуу маалымат

На русском
17:15, 10-март, 2026 16678

АКИpress - Канатбек Чыныбаев өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Ал 1983-жылы 4-ноябрда туулган.

2006-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. 2018-жылы Россиянын Жарандык коргонуу академиясын бүтүргөн.

Иш тажрыйбасы:

  • 2006-2022-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар кандай кызматтарында иштеген;
  • 2022-жылдын 15-июлунда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кадрларынын тизмесинде калуу менен президенттик администрациянын Кырдаалдык борборунда эмгектенип баштаган.
  • 2026-жылдын 26-февралында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалган.

Аскердик чини: запастагы подполковник.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»