АКИpress - Канатбек Чыныбаев өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ал 1983-жылы 4-ноябрда туулган.
2006-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. 2018-жылы Россиянын Жарандык коргонуу академиясын бүтүргөн.
Иш тажрыйбасы:
- 2006-2022-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар кандай кызматтарында иштеген;
- 2022-жылдын 15-июлунда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кадрларынын тизмесинде калуу менен президенттик администрациянын Кырдаалдык борборунда эмгектенип баштаган.
- 2026-жылдын 26-февралында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалган.
Аскердик чини: запастагы подполковник.