13:31, 12-март, 2026

Москва районунда 2 жер тилке мамлекетке кайтарылды

На русском
16:42, 10-март, 2026 791

АКИpress -

Москва районунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды, деп билдирди Башкы прокуратура.

Тактап айтканда Москва районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Төмөн-Суу айылында жайгашкан социалдык объекттерди курууга багытталган 7653 чарчы метр жана Нарзан айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1000 чарчы метр жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы базар баасы 12 млн 857 миң 100 сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»