АКИpress - Кыргызстан коомчулугу оор жоготууга учурады. 2026-жылдын 10-мартында 69 жаш курагында Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, саясий илимдердин доктору Азамат Нурказыевич Кангелдиев капысынан дүйнөдөн кайтты.
Азамат Нурказыевичтин дүйнөдөн кайткандыгы — бүтүндөй өлкө үчүн орду толгус жоготуу. Биз сейрек кездешкен таза жүрөккө, бийик принциптерге ээ болгон адам, чыныгы оптимист, элине жана Мекенине ак ниет кызмат кылган инсан менен кош айтышып жатабыз.
Азамат Нурказыевич Кангелдиев 1957-жылдын 4-июлунда Фрунзе шаарында туулган. 1980-жылы С. Киров атындагы Казак мамлекеттик университетинин философия-экономика факультетин аяктаган. М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөндөн кийин философия боюнча кандидаттык диссертациясын, кийинчерээк саясий илимдер боюнча доктордук диссертациясын жактаган.
1996–2001-жылдары бажы органдарынын системасында жетекчилик кызматтарда иштеп, «Бишкек эркин экономикалык аймагы» бажысынын жетекчисинен Мамлекеттик бажы инспекциясынын директору кызматына чейин жеткен.
2000–2004-жылдары Эсеп палатасын жетектеген.
2004–2005-жылдары Чүй облусунун губернатору болуп иштеген.
2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп шайланып, 2011-жылы Эсеп палатасына аудитор болуп дайындалган. Бул кызматта 2015-жылга чейин иштеген.
2016-жылдан тартып өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде илимий-педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенген.
Азамат Нурказыевич — көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, окумуштуу, жогорку маданиятка жана асыл сапаттарга ээ инсан катары жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең жана чын дилден көңүл айтабыз. Бул орду толгус жоготуунун кайгысын сиздер менен тең бөлүшөбүз.
Коштошуу зыйнаты 11-март күнү саат 10:00дө Орто-Сай айылында, «Ала-Арча-1» турак жай шаарчасында, 18-үйдө өтөт. Анын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.
Жумагулов А.Ж., Муралиев А.М., Керимкулов М., Аширкулов М., Алымкулов К., Эрматов А., Букуев М.О., Аширбаев Э., Жунушалиев А., Акматов А.Ш., Азыгалиев Н., Түмөнбаев А., Суранчиев А., Өскөмбаев Д.А., Гаипкулов И., Ибраимова Э.С., Султанов М.А., Лаврова О.В., Чудинов И.В., Масалиев И.А., Дуйшеев К.А., Бакчиев Ж., Чыныбаев А., Курманов З., Исеналиев Э.А., Келдибеков А., Сариев Т.А., Жекшенкулов А., Сулейманов Б.И., Диль В.И., Кулов Ф.Ш., Аширов Б.А., Узакпаев У.