АКИpress - Мыктыбек Илебаев «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын директору кызматына 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды. Тиешелүү буйрукка Маданият министрлигинде кол коюлду.
Илебаев 1978-жылдын 8-июнунда төрөлгөн жана жогорку юридикалык билимге ээ.
Буга чейин ал «Учур» театрынын директорунун орун басары жана А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирктин башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.