13:31, 12-март, 2026

Журналист Махабат Тажибек кызынын иши кайра сотто каралат

На русском
15:40, 10-март, 2026 771

АКИpress - 10-мартта Жогорку сот «Айт Айт Десе» долбоорунун журналисти Махабат Тажибек кызынын жактоочуларынын өтүнүчүн карады.

Соттук коллегия тараптардын пикирин угуп, ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн Ленин райондук сотуна жөнөтүү чечимин чыгарды. Ошондой эле буга чейинки эки инстанциянын чечимдерин жокко чыгарды.

2024-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту 11 журналистке карата өкүм чыгарган. Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү жана 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал 6 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»