13:31, 12-март, 2026

Бишкекте кар жаайт: 11-мартка карата аба ырайы

На русском
14:57, 10-март, 2026 738

АКИpress - Кыргыз Республикасындагы 11-мартка карата аба ырайынын божомолу.

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жана күндүз күндүн биринчи жарымында көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында кар, жаан катуу жаайт. Күндүн экинчи жарымында Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан жаабайт.

Шамал батыштан согуп, айрым жерлерде күчү 15-20 метр/секунда, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метр/секунда болушу мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн -5...-10

күндүзү -2...-7

Талас облусу

түнкүсүн -6...-11

күндүзү -2...-7

Баткен облусу

түнкүсүн 0...-5

күндүзү -1...+4

Ош жана Жалал-Абад облустары

түнкүсүн 0...-5

күндүзү 0...+5

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -3...-8

күндүзү -3...+2

Нарын облусу

түнкүсүн -5...-10

күндүзү 0...-5

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн абанын минималдуу температурасы -7…-9°, күндүзгү максималдуу температурасы -5…-7° болот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»