АКИpress - Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине 1-январдан тартып Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын мамлекеттик кызматкер категориясына кирбеген кызматкерлерине ай сайын 20 миң сом өлчөмүндө эмгек акысына кошумча төлөм белгилөөнү тапшырды.
Президенттин № 37 буйругунда айтылгандай, бул чечим ӨКМге караштуу Гидрометеорология кызматынын мамлекеттик кызматкерлердин категориясына кирбеген кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынды.