АКИpress - Борбордук шайлоо комиссиясы 10-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Бул чечим Конгантиевдин арызынын негизинде кабыл алынды.
Конгантиев №21 округдан 13 миң 379 добуш менен шайланган. Ал «Эл үмүтү-Ата Журт» депутаттык тобунун мүчөсү жана Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасы болчу.
Буга чейин төмөнкүлөр өздөрүнүн депутаттык мандаттарынан баш тартышкан:
- Элдар Сулайманов
- Нурланбек Тургунбек уулу
- Кундузбек Сулайманов
- Жанар Акаев — Ош шаарынын мэри болуп дайындалды
№21 округ (Бишкек шаарынын Ленин району) боюнча маалыматтар: