13:26, 12-март, 2026

Новосибирск түрмөлөрүндө 143 кыргызстандык жаза өтөп жатат

На русском
13:18, 10-март, 2026 261

АКИpress - 2026-жылы Россиянын жаза аткаруу мекемелеринде 1126 Кыргызстандын жараны бар, анын ичинен 143ү Новосибирск консулдук округунда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Новосибирсктеги башкы консулу Айбек Айдарбеков билдирди.

Анын айтымында, Новосибирскте камакта отурган кыргызстандыктардын 50%дан ашыгы баңгизат үчүн соттолсо, калгандары зордуктоо, каракчылык, тоноо, алдамчылык жана башка кылмыштар үчүн жазасын өтөп жатат.

Ошондой эле Айдарбеков 2025-жылы КРнын 131 жараны, ал эми 2024-жылы 38 жараны экстрадицияланганын кошумчалады.

Новосибирсктеги 17 миң 791 кыргызстандыктын ичинен 4624ү көзөмөлгө алынган адамдардын реестринде турат.

«Реестрден 9038 жаран чыгарылды», - деп кошумчалады башкы консул.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»